ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:18, 1 Июль (Теке) 2026 карата Бекбосунова Бермет (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ . Илим сыйымдуу технологияларды өздөштүрүү, инновациялык продукцияны өндүрүүнүн жана экспорттоонун көлөмүн жогорулатуу зарылчы­лыгы инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү­нүн төмөнкүдөй стратегияларын аныктайт:

«күчөтүү» стратегиясы жеке өзүнүн илимий-техникалык жана өндүрүштүк-техникалык күч кубатын пайдаланууга негизделет. Илимий жыйынтыктарды жана өндүрүш­түк күч-кубатты өнөр жайда пайдаланууда жогорку деңгээлдеги технологиялар өздөштүрүлөт, ички жана тышкы рыноктордо жаңы, атаандаштык­ка жарамдуу продукцияны чыгаруу акырындап күчөтүлөт;

«сырттыкын өздөштүрүү» стратегиясы өз өлкөсүнүн инновациялык күч-кубатын пайда­ланып, өнүккөн индустриялык өлкөлөрдө өн­дүрүп чыгарылуучу илим сыйымдуу продукция­ны чыгарууну өздөштүрүү болуп саналат. Ан­дан ары бардык инновациялык цикл боюнча инно­вациялык продукцияны түзүүдөн тартып, ры­нокто сатууга чейинки жумуштарды өз алдын­ча жүргүзүүгө жөндөмдүү илимий-техникалык жана өнөр жай потенциалын бир эле учурда өнүктүрүү менен про­дукцияны өндүрүү күчөтүлөт;

«өткөрүп алуу» стратегиясы болгон чет өл­көлүк илимий-техникалык жана өндүрүштүк-технологиялык потен­циалды чет өлкөлүк тике инвестицияларды тар­туу жолу менен, жаңы муундагы продукция өндү­рүүнү өздөштүрүү үчүн жогорку натыйжалуу жа­ңы технологияларга лицензия сатып алуу жолу менен өлкөнүн экономикасында пайдалануу.

Мамлекеттик жана жеке ишкерлер секторло­рун туура айкалыштыруу стратегияларды на­тыйжалуу пайдаланууга, инновациялык ишмер­дүүлүктү күчөтүүгө, атаандаштыкка жарамдуу илим сыйымдуу продукция чыгаруунун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Өндүрүштүн атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуу көз карашынан ресурстарды сарам­жалдуу сактоо, жогорку даражада кайрадан иш­тетилген продукциянын үлүшүн көбөйтүү, тех­нологияларды жаңыртуунун керектүү динами­касын камсыз кылуу, автоматташтыруу, техно­логияны жана продукцияны сертификациялоо, экологиялуулук тармактардын инновациялык жана технологиялык жактан өсүүнүн кыйла орчундуу, артыкчылыктуу багыттары болуп саналат.
Мамлекеттик инновациялык саясаттын стратегия­ларында мамлекеттик маанидеги жогорку натыйжа­луу жана өзүн тез актоочу эң орчундуу инновация­лык долбоорлор артыкчылыктуу болушу керек. Мамлекет тобокелчиликтин бир бөлүгүн өзүнө алып, аларды жүзөгө ашырууга жеке инвестор менен үлүштүк башталышта катышууга тийиш.
Инновациялык кырдаалды жакшыртуу жана инновациялык ишмердүүлүктү күчөтүү макса­тында инновациялык долбоорлордун рыногун калыптандыруу, баалуу корпоративдик кагаз­дардын экинчи рыногун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү, чет өлкөлүк инвесторлордун кара ниет атаан­даштыгына каршы аракеттенүү зарыл.
Экономиканы өнүктүрүүнүн инновациялык жолун жана эң жаңы илимий-техникалык иштеп чыгуулар менен жогорку технологияларды пайдалануунун негизинде өнөр жай тармактарын технологиялык жактан кайрадан жабдууну мамлекеттик колдоонун куралда­рынын бири максаттуу программаларды, илимий- изилдөөлөр менен тажрыйба-конструктордук иштеп чыгууларды, ошондой эле аларды өнөр жайлык өздөштүрүүнү финансылоо үчүн мамлекеттик бюджеттин жана бюд­жеттен тышкары булактардын каражаттарын топтоштуруу болуп саналат.
Ата мекендик өндүрүштү инновациялык өнүк­түрүүнү жүзөгө ашыруунун максаттуу програм­маларын калыптандыруу бир катар принцип­тердин негизинде ишке ашырылышы зарыл. Анын ичинде мамлекеттик деңгээлдеги эң маанилүүлөрү:

максаттуу программаларды түзүүнүн негизи болуп саналган долбоорлорду аны өнөр жайлык жүзөгө ашыруудан максималдуу экономикалык кайтарым алуу максатында коммерциялык жана бюджеттик на­тыйжалуулуктун талаптары боюнча сынактык тандоо;

максаттуу программаларды калыптандыруу этабында программалык иш-чараларды анык­тоодогу ийкемдүүлүк (аны финансылоонун объектисин тандоо долбоорлорду илимий-техникалык, экономикалык, өндүрүштүк жана экологиялык талаптар боюнча баалоонун негизинде ишке ашырылат);

мамлекеттин, жеке бизнестин, коммерция­лык эмес жана коомдук уюмдардын экономикалык кызык­чылыктар менен өз ара милдеттенмелерди айка­лыштырууга негизденип, ийгиликтүү кызмат­ташуусу үчүн программанын чегинде шарт түзүү болуп саналат.
Ошентип, максаттуу мамлекеттик жана региондук npoграммаларды, ошондой эле инновациялык долбоорлор­ду айкалыштыруу жогорку технологиялуу өн­дүрүштүн потенциалын пайдалануунун неги­зинде ички жана тышкы рынокту атаандаштык­ка жарамдуу продукция менен толтурууга шарт түзөт.