БОЗБЕШИК
БОЗ-БЕШИК – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Оргочор айыл өкмөтүнө караштуу. Оргочор дөӊсөөсүнүн батыш этегинде, деӊиз деӊгээлинен1686 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 17 км түндүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 206 км. Кыштак 1932-жылы негизделген. Калкы 1101 (2005); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт, маданият үйү бар.