БОЗАДЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:26, 30 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ-АДЫР – Баткен районундагы кыштак. Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Баткен шаарынан 27 км түштүк чыгыш тарапта. Исфара темир жол бекетинен (Тажикстан) 49 км. Деӊиз деӊгээлинен 1190 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1780 (2005); негизинен мал чарбасында, тамекичиликте эмгектенет. Негизги мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, ФАП, дарыкана, соода борбору, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.