КӨК САЙКАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:22, 29 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК САЙКАЛ (Veronica) – өсүмдүктөрдүн но­ричниктер тукумунун уруусу. Бир, көп жылдык чөп, чанда майда чала бадалча. Бийиктиги 20–60 (100) см, сабагы тик өйдө, кээде жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы негизинен бүтүн жээктүү, кээ­де майда жарым айчыктуу же тилкелүү. Сабак­ка тушташ жайгашкан. Гүлү сабактын учунда, шыпыргыдай, калемчедей топ гүлгө чогулган, кээ бир түрүнүн гүлү жалбырак колтугуна бир­ден өсөт. Эки эриндүү, түтүкчөдөй, көк, агыш көк, ак. Аталыгы 2, энелиги 1, мөмөсү эки уялуу кутуча, уругу ар бир уяда 1–12ден болот. 300 түрү бардык жерде тараган. Кыргызстанда 30дан ашуун түрү өрөөндөн бийик тоого чейин өсөт. Айрым түрү кооздук үчүн өстүрүлөт.