КӨК НИЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:20, 29 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК НИЛ , Б а х р - э л ь - А з р а к (ар. бахр – дарыя ж-а азрак – көк) – Эфиопия м-н Судан­дын аймагындагы дарыя. Нилдин оң куймасы. Узундугу 1600 км. Тана көлүнүн түштүгүрөөк жагын­дагы Чоке тоосунун түштүк-чыгыш капталынан Кичи Аббай деп башталып, Тана көлүнө куят. Көлдөн Аббай дарыясы агып чыгып, Судандын айма­гында Көк Нил аталат. Тана көлүнөн 20 км төмөн Тис-Эсат шаркыратмасы (бийиктиги 45 м) бар.
Аббай дарыясында узундугу 500 км, тереңдиги 900–1200 м ж-а эни 100–200 м келген каньон бар. Негизги куймалары – Рахат ж-а Диндер. Хартум шаарынын түндүгүндө Ак Нил м-н кошулуп, Нил дарыясын түзөт. Көк Нил жамгырдан куралып, жылдык чыгымы өтө өзгөрүлүп турат: Хартум шаарынын жанында, февралда 127 м3/сек, августта 5822 м3/сек. Жылдык орточо чыгымы 1650 м3/сек. ГЭСтер ж-а суу сактагычтар курулган. Дарыянын чатынан 580 км жогору кеме жүрөт.