КӨК БУУРЧАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:48, 29 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК БУУРЧАК – жашылча буурчагынын жак­шыртылган сортунун даны. Жаңы кезинде же консерваланган түрдө тамак-ашка пайдаланы­лат. Консервалануучу буурчакта орточо 16–22% кургак зат, анын ичинде 5–8% кант, 3–7% крахмал, 4–7% азоттуу заттар, 1,5% минерал туздар, 20–40 мг% С витамини, каротин ж-а В витамин­дери болот. Консерва сырьёсу катары пайдала­нуучу көк буурчак дүмбүл кезинде орулат, данынын формасы боюнча ал жылма дандуу, бырыш дандуу ж. б. болуп бөлүнөт. Бырыш дандуу көк буурчактын сабагы анча узун эмес, текши гүлдөп, текши бы­шат. Сабагы силостолуп, даны консерва заводуна жиберилет.