КӨЙКАП
КӨЙКАП – Борбордук Теңир-Тоодогу суу, Сары-Жаздын сол куймасы. Ак-Суу районунда. Узундугу 33 км, алабынын аянты 507 км2, деңиз деңгээлинен бийиктиги 3200 м. Какшаал тоо тизмегиндеги Көйкап мөңгүсүнөн башталып, Сары-Жазга куят. Алабы мөңгүлүү. Негизинен мөңгү ж-а кар сууларынан куралат. Ири куймалары: Сары-Төр, Карагайлуу, Май-Баш, Булантөр (оң). Жылдык орточо чыгымы 5 м3/сек; эң көбү июнь–июлда, эң азы январь–февралда.