КӨЗ ТАҢМАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:49, 29 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЗ ТАҢМАЙ – баамчылдыкты, шамдагайлык­ты талап кылган балдар оюну. Оюндун шарты боюнча бир баланын көзүн таңып, ортого коё бе­рет. Тегеректеген балдар көзү таңылуу баладан качат, бирок белгиленген чектен (чийимден) чыкпайт. Көзү таңылуу бала балдардын добу­шунан баамдап, бирөөнү кармоого аракеттенет. Ким кармалса, ошонун көзү таңылат да, оюн андан ары улантылат.