БЛОК-СХЕМА
БЛОК-СХЕ́МА (Flowchart) – аракеттерди белгилөөчү блоктор деп аталган жөнөкөй геометриялык фигуралардын жана өткөрүү сызыктарынын жардамы менен алгоритмди көрсөтүүчү долбоорлоо аспабы. Блок-схема 1960-жылы Американын улуттук стандарт институту (ANSI) тарабынан иштелип чыккан. Бул стандарттар бүгүнкү күндө да колдонулууда, анын символдору программанын логикалык тартибиндеги ар түрдүү аракеттерди билгизет. Алгач блок-схема белгилерин кагазга түшүрүү үчүн калып-үлгүлөр пайдаланылган, азыркы учурда блок-схема элементтери коммерциялык программалык жабдыкты пайдалануу менен коюлат жана орнотулган блок-схемаларды өзгөртүү жана өркүндөтүү жеӊил аткарылат. Блок-схемаларды түзүүдө структураланган модель колдонулат.