БИШКЕК ТЕМИРЖОЛ ВОКЗАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:06, 26 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК ТЕМИР ЖОЛ ВОКЗАЛЫ – «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясына (2005-жылдан) караштуу Бишкек-2 темир жол бекетинде темир жол жүргүнчүлөрүн тейлөөчү имарат-жай. 1938-жылдан иштейт. Архитектура Е. Лисмардын долбоору боюнча курулган. Интерьерин жасалгалоого сүрөтчүлөр А. И. Игнатьев менен Л. Месарош катышкан. Вокзалда билет кассалары, маалымат бюросу, автоматтык маалымат курулмасы, жүк сактоочу автоматтык камера, VIP – зал, эне жана бала бөлмөсү, бажы бөлмөсү, көмөкчү жайлар ж. б. бар. Мындан поезддер Москва, Новокузнецк жана Екатеринбург сыяктуу Россиянын эӊ ири шаарларына, Казакстандын Мерке, ошондой эле жергиликтүү шаарлар – Токмокко жана жайында Балыкчыга каттайт.