БАСТЫРМА
БАСТЫРМА – мал кармоочу, жем-чөп, айыл чарба шаймандарын, эгин жана башка буюм сактоочу, адамдар көлөкөлөп эс алуучу үстү жабык жай. Анын эки түрү бар: 1) убактылуу бастырма көбүнчө жайытта мал көлөкөлөтүү же талаада эмгектенгендер эс алуу үчүн курулат. 2) Айыл чарба шаймандары, эгин, жем-чөп ж. б. сакталуучу бастырма бекемделип үч тарабы тосулуп, үстү жабылат, бир тарабы ачык же дарбаза орнотулат. Таманына бетон, асфальт же шагыл төшөлөт.