БЕЙСИК ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:49, 18 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́ЙСИК ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ – эсептөө ма­селелерин чыгаруу алгоритмдерин баяндоого ар­налган жогорку деңгээлдеги тил. Анын алгач­кы версияларынын жөнөкөйлөтүлгөн конструк­циялары жана алдын ала түзүлгөн математикалык функция­лары болгондуктан, үйрөнчүк-программалоочу оңой өздөштүрөт. 1963-жылы Дартмунд коллежи­нин студенттери иштеп чыгышып, алгач про­граммалоону үйрөтүү үчүн колдонулган. Бейсик программалоо тили жөнөкөй, ал алгачкы микроЭЭМде колдонууга ыңгайлуу, жеке ЭЭМде программалоонун негиз­ги тили.