БӨКӨШОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:24, 17 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨКӨШОВ Жамгырбек (10.11.1954-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылы) – философия илимдеринин доктору (1992), профессор (1993). КМУнун филология факультетин (1977), юриспруденция магистратурасын (1999) бүтүргөн. 1977–1978-жылдары Кыргыз Энциклопедиясынын башкы редакциясында илимий редактор, 1981–1992-жылдары КМУда окутуучу, улук окутуучу, социологиялык изилдөө жетекчиси, доцент, проректор, 1992–1995-жылдары Кыргыз мамлекеттик педагогика институтунун проректору, КРдин Жогорку Кеӊешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (1995–2000). 2000–2005-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору. 2005–2008-жылдары Чүй университетинин 1-проректору, Социалдык-саясий технологиялар институтунун директору, 2008-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин философия кафедрасынын башчысы. 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинен 2 монографиянын автору. «Даӊк» медалы менен сыйланган.
Эмг.: Таанып-билүүнүн табышмактары. Ф., 1988; Истоки и горизонты познания. Жалал-Абад, 2001; Философия жана адабият. Жалал-Абад, 2002.