КӨГАРТ АШУУСУ
КӨГАРТ АШУУСУ Фергана тоо тизмегинде. Көгарт суусунун башынан орун алган. Бийиктиги 3319 м. Ашуунун бели түзөң, түндүк-чыгыш капталы тигирээк, түштүк-батышы бир аз жантайыңкы. Негизинен силур м-н девондун мрамор, сланец, акиташ тектеринен турат. Кышында калың кар жатат. Июнь–сентябрь айларында ачык. Сузак ж-а Тогуз-Торо райондорун байланыштырган автомобиль жолу өтөт.