БЮСТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:35, 15 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЮСТ (французча buste, латынча bustum – мүрзө үстүндөгү эстелик) – адамдын көөдөнүнөн жогору жагы тартылган жумуру айкелдик портрет. Бюст алгач Байыркы Египетте жана Байыркы Грекияда пайда болуп, Байыркы Римде калыптанган. Россияда Ф. И. Шубин, С.И.Гальберг, советтик доордо Н. А. Андреев, В. И. Мухина, Н. В. Томский жана башкалардын бюсттук чыгармалары белгилүү. Кыргызстанда Т. Садыков, О. М. Мануйлованын иштери көпчүлүккө таанымал.

Санкт-Петербургдагы Т.Океевдин бюсту
Ч.Айтматовдун бюсту
Б.Сарногоевдин бюсту