БЮЛЛЕТЕНЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 15 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЮЛЛЕТЕ́НЬ (фр. bulletin, итал. bulletino – жазылган кат, баракча) – 1) расмий актылардын, буйруктардын ж. б. жыйнагы; 2) расмий кыскача билдирүү (аскердик аракеттердин жүрүшү, ден соолуктун абалы, аба ырайы жана башкалар жөнүндө); 3) өзүнүн иш-аракеттери жөнүндө жаӊы маалыматтарды билдирип туруучу кайсы бир мекеме, уюм, органдын мезгилдүү же уланып чыгуучу басылмасы («Өкмөттүн бюллетени», «Жогорку Соттун бюллетени»); 4) шайлоо бюллетени – талапкердин аты-жөнү жазылган документи; 5) медицина бюллетени, башкача айтканда жумушка жараксыздыгы жөнүндөгү баракча.