БХАРАТА
БХА́РАТА – арийлердин байыркы индиялык уруусу. Алар панчалдар менен биригип, Индияда 1-ири мамлекетти түзгөн (биздин заманга чейин 7-кылым) куру уруу союзуна кирген. «Бхарата укум-тукуму» Кауравалар менен Пандавалар жөнүндөгү уламыштар индиялык «Махабхарата» эпосуна негиз болгон. Бхаратаварши (Жамна менен Сатлеж дарыяларынын аралыгы) – бхараталар аймагынын аталышы, көпчүлүк учурда бүткүл Индия ушундай аталган. Ушундан улам азыркы Индия Республикасынын хинди тилинде расмий аталышы – Бхарат.