БУХАРИН
БУХА́РИН Николай Иванович [27. 09. (09. 10.) 1888, Москва – 15. 03. 1938, Москва облусу, Коммунарка)] – саясий жана мамлекеттик ишмер, СССР ИАнын академиги (1928). 1905–1907-жылдардагы жана 1917-жылдагы Октябрь революцияларынын катышуучусу. 1918–1929-жылдары «Правда» гезитинин редактору, ошону менен катар эле 1919–1929-жылдары Коминтерндин Аткаруу комитети

нин мүчөсү. 1929–1932-жылдары СССР Эл чарбасынын Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү, 1932-жылдан Оор өнөр жай эл комиссариатынын коллегиясынын мүчөсү. 1934–1937-жылдары «Известия» гезитинин редактору. Большевиктердин арасында марксизм теоретиги катары таанылган. 1920-жылы жаӊы экономикалык саясатты колдоп, бирок коллективдештирүүгө каршы чыккан. 1938-жылы репрессияланган, өлгөндөн кийин акталган (1988).