КӨБӨЙҮҮ
КӨБӨЙҮҮ – организмдердин өзүнө окшош муундарды жаратып, белгилер м-н касиеттердин укумдан тукумга берилишин, тиричиликтин үзгүлтүксүз уланышын камсыз кылуучу касиети. Көбөйүүнүн негизги үч түрү (жыныссыз, жыныстык ж-а вегетациялык) бар. Ж ы н ы с с ы з көбөйүү татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө споралардын жардамы м-н, жөнөкөйлөрдө жыныстык жактан жетилбеген клеткалардын ортосунан бөлүнүшү м-н өөрчүйт. В е г е т а ц и я л ы к көбөйүүдө жаңы организм дененин көп клеткалардан турган бөлүгүнөн калыптанат. Ага көбүнчө көп клеткалуу организмдин, өзгөчө өсүмдүктүн Көбөйүүсү кирет. Ж ы н ы с т ы к Көбөйүүдө көп клеткалуу организмдер мейоздук бөлүнүүнүн натыйжасында жыныстык клеткалар – гаметалар пайда болот да, алар кошулуп (уруктанып), зиготаны пайда кылат. Зигота өөрчүп, жаңы организмге айланат. Уруктанууда гаплоиддүү гаметалардын хромосомалары кошулуп, диплоиддүү клеткага айланып, тукум куугуч белгилер берилет. Уруктануунун 3 түрү (изогамия, анизогамия же гетерогамия ж-а оогамия) белгилүү. Изогамияда көлөмү, сырткы көрүнүшү боюнча бири биринен айырмаланбаган 2 гамета кошулат. Анизогамияда кошулган гаметалардын экөө тең кыймылдуу, бирок энелик гамета аталыкка караганда чоң болот. Оогамияда кыймылсыз энелик клетка м-н кыймылдуу, майда аталык гаметалар – сперматозоиддер кошулат. Көбөйүү организмдердин жашоосунда бир гана же көп жолу болушу мүмкүн. Бөлүнүү жолу м-н көбөйүүчү бир клеткалуу организмдер, бир, эки жылдык гүлдүү өсүмдүктөр – монокарптар, кээ бир балыктар өмүрүндө бир гана жолу көбөйүп, тукум берет. Ал эми башка организмдер, мисалы, жаныбарлар, көп жылдык өсүмдүктөр – поликарптарда көбөйүү көп жолу кайталанат. Кобойуунүн жүрүшүнө чөйрө факторлору – температура, азык заттар, жарык чоң таасир тийгизет. Көбөйүүдөн пайда болгон тукумдун саны түрдүүчө, мисалы, пил 3–4 жылда бирди тууса, треска балыгы бир өрдөө маалында 10 млн, айрым балыктар 300 млнго жакын урук таштайт. Татаал түзүлүштүү жаныбардын ж-а адамдын көбөйүүсүн нерв системасы жөнгө салат, к. Жыныссыз көбөйүү, Вегетациялык көбөйүү.