КӨБҮКЧӨЛҮҮ КАМЕРА
КӨБҮКЧӨЛҮҮ КА́МЕРА – жогорку энергиялуу заряддалган бөлүкчөлөрдүн изин (трек) каттоочу курал; анын иштеши бөлүкчөлөрдүн траекторияларын бойлото ысыган суюктуктун кайнашына (буунун майда көбүкчөлөрдү түзүшүнө) негизделген. Көбүкчөлүү камераны 1952-жылы Д. Глейзер (АКШ) ойлоп чыгарган (Нобель сыйлыгы, 1954). Көбүкчөлүү камера адатта жогорку энергиялуу бөлүкчөлөрдүн суюктуктун ядролору м-н өз ара аракеттениши же бөлүкчөлөрдүн бөлүнүшүн каттоодо пайдаланылат. Жумуш аткаруучу суюктук катары көбүнчө суюк суутек, дейтерий, неондун суутек м-н аралашмасы (криогендик камера), ошондой эле пропан, фреон ж-а ксенондун пропан м-н аралашмасы (оор суюктуктуу камера) колдонулат. Көбүкчөлөр жетишерлик өлчөмгө жеткенде Көбүкчөлүү камерадагы бөлүкчөлөрдүн изи сүрөткө тартылып алынат. Көбүкчөлүү камеранын жардамы м-н көптөгөн элементардык бөлүкчөлөр ачылган ж-а изилденген.