КӨБҮК-СУУ ТУЗ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:56, 12 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨБҮК-СУУ ТУЗ КЕНИ Нарын облусунун Жум­гал районунда, Сары-Камыш кыштагынан 8 км түштүк тарапта, деңиз деңгээлинен 1200–1500 м бийикте. Геологиялык издөө иши 1973-жылы жүргүзүлгөн. Таш көмүр мез­гилинде пайда болгон туздуу катмарда калың­дыгы 19,8–22,1 м, узундугу 800–900 м жеткен галит минералы бар кабат изилденген. Кабаттагы чопо, кум ж-а шагылдын өлчөмүнө жараша хлордуу натрий 35,79–56,1%тен 69,98–71,45%ке чейин өзгөрөт. Малга тоют туз катары пай­даланса болот. Запасы С2 категориясы боюнча 300 миң т.