КОКОН УЕЗДИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:03, 12 Июнь (Кулжа) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) (Created page with "'''КОКОН УЕЗДИ''' – 1876–1917-жылы Түркстан генерал-губернаторлугуна караштуу Фергана облусундагы администрациялык-аймактык бирдик. Уезд Кокон хандыгы Россия империясынын курамына киргизилгенден кийин 1876-жылы уюшулган. Уезддин борбору КОК...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОКОН УЕЗДИ – 1876–1917-жылы Түркстан генерал-губернаторлугуна караштуу Фергана облусундагы администрациялык-аймактык бирдик. Уезд Кокон хандыгы Россия империясынын курамына киргизилгенден кийин 1876-жылы уюшулган. Уезддин борбору Кокон шаары болуп, 1882–1912-жылдары Бачкыр, Беш-Арык, Канибадам, Пригородный деген 4 участок жана Сох, Беш-Арык, Жайпаң, Исфара, Канибадам, Араван, Ганжираван, Кайнар, Кенагас, Кудаш, Чирчик-Жийде, Жанжал, Кыпчак, Каракалпак-Сох, Задиан, Надиман, Жаңы-Коргон, Бабайдин, Жаңы, Нойгут-кыпчак, Лейлек, Риштан, Махрам аттуу 23 болуштукка бөлүнгөн. Кокон автономиясы түзүлгөндөн кийин жоюлган.