КОШОЙ-КОРГОН КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:50, 12 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШОЙ-КОРГОН КӨРҮСТӨНҮ – VI–X кылымдарга таан­дык археологиялык эстелик. Кара-Коюн суусунун сол өйүзүндөгү жайылма тектирде жайгашкан 14 дөбө мүрзөдөн турат.

Кошой -Коргондон табылган суу түтүгү.

Ушул эле жердеги алгач­кы мусулман көрүстөндөрүн археолог К. Табал­диев 1989-жылы изилдеген. Алардын ар биринин жер алдында сөөк көмө турган жайы ар башка жана бир канча кишинин сөөгүн бир казанбакка жайгаштырылган өзгөчөлүгү менен айырмаланган.
КОШОЙ-КОРГОН ШААР КАЛДЫГЫ – IX–XII кылымдарга таандык шаар калдыгы. Ат-Башы өрөөнүн­дөгү Кара-Суу айылынын түштүк-чыгышында Кара-Коюн суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. Жергиликтүү элдин айтымында, бул эстелик «Манас» эпосундагы Кошой баатырдын коргону болгон. Айрым изилдөөчүлөр байыркы Атбаш шаарынын калдыгы деп эсептешет. Эстелик тик бурчтуу түзүлүштөгү чептен туруп, дубал менен курчалган. Дубалдын каптал жактары түштүк, түндүк, чыгыш, батыш багытына дал келип, ылай сокмодон ж-а бышырылган кыштан тургузулган, бийиктиги

Кошой-Коргон.

4–8 м, кароол мунаралар орнотулган. Дубал айланта жазылыгы 11–14 м, тереңдиги 3 м кел­ген аңдар м-н курчалып, коргондун чыгыш ж-а түштүк тарабы 1500 м узундуктагы кошумча ду­бал тосмолор м-н бекемделген. Турак жай ж-а чарбалык мүнөздөгү кол өнөрчүлөрдүн устака­наларынан, бөлмөлөрдөн жез эритүүчү мештер, көөрүк, карапа идиш-аяктар, тыйын, жаргыл­чак, жаа-жебе, бычак, шурулар, кемер курдун тоголору, чоподон жасалган ар кандай буюм­-тайымдар табылган. Шаар калдыгы Ч. Вали­хановдун, В. В. Бартольддун эмгектеринде эс­керилет. А. Н. Бернштам, М. И. Москалёв ж-а М. Н. Фёдоров изилдеген. 2007-ж. Түштүк-чыгыш капталына музей ачылган.