КОШОЙ БИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:45, 12 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШОЙ БИЙ Талкан уулу (болжол м-н 1674–75, туулган жери белгисиз – 1754–55, Кетмен-Төбө өрөөнү, Коңур-Өгүз кыштагы) – 18-кылымдын 2- жарымындагы солто уруусунун бийи; калмак чапкынынан (к. Жуңгар хандыгы, Кыргыз-кал­мак согуштары) кийин чачылган кыргыздарды Кетмен-Төбөгө чогултуп, Маматкул бий м-н бир­ге калмактарга каршы күрөштү жетектеген (к. Кыргыздардын Чүйгө келиши). Маматкулга ке­ңеш берип, 1755-жылга чейин Кошой бий солто, Каработо бий кытай, Майтык, Эшботолор кушчу уруусун бийлеген. Фольклор, эпостордо айтылгандай Та­ластагы Үч-Кошой суусу; 1) эртегинин эр Кошой; 2) хан Кошой; 3) Талкандын уулу Кошойлордун атынан айтылып калганы, агасы Коңурбай өлгөндөн кийин Кошой бий анын балдарын (мисалы, Жайыл баатырды) тарбиялап, чоңойткону туу­ралуу маалыматтар калган.


Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-том. Б., 1993; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.