БУЛЧУӉДАР
БУЛЧУӉДАР – жаныбарлар менен кишинин денесин кыймыл-аракетке келтирүүчү органдар (же алардын мүчөлөрү). Булчуңдар кыймылы менен ар кандай кызмат аткарылат. Алардын негизги касиети – нерв импульстарынын таасири менен жыйрылууга жөндөмдүүлүгү. Булчуңдар жылма жана туура-ала булчуӊ ткандарынан турат. Көпчүлүк омурткасыз жаныбарлардын булчуңдары жана омурткалуу жаныбарлар

Кишинин булчуӊ схемасы: 1 – бет булчуӊдары; 2 – моюндун тери алдындагы булчуӊу; 3 – сала сымал булчуӊ; 4 – көкүрөктүн чоӊ булчуӊу; 5 – билек булчуӊу; 6 – курсактын кыйшык булчуӊу; 7 – сан булчуӊу; 8 – сандын төрт баштуу булчуӊунун тарамышы; 9 – манжаны жазуучу узун булчуӊ тарамышы; 9 – манжаны жазуучу узун булчуӊ; 10 – манжаны бүгүүчү узун булчуӊ; 11 – курсактын түз булчуӊу; 12 – ийиндин эки баштуу булчуӊу; 13 – кабырга арасындагы булчуӊ.
менен адамдын кан тамырлары, ички органдары (жүрөктөн башка) ж ы л м а булчуңдардан турат. Адамдын, омурткалуу жана кээ бир омурткасыз жаныбарлардын тулку бою менен жүрөгү т у у р а - а л а булчуңдан түзүлөт. Адамдын денесинде 600дөн ашык ар кандай формадагы жана түзүлүштөгү булчуңдар бар. Алар чоюлууга, кыскарууга, жооноюуга жана ичкерүүгө, жыйрылууга жөндөмдүү. Туура-ала булчуң негизинен скелет булчуңдарын түзөт. Ал жумуш аткарганда көп энергия бөлүп чыгарат. Энергиянын 30%и механикалык кызмат аткарууга жумшалып, 70%и жылуулукка айланат. Ошентип булчуӊ системасы денедеги жылуулук чыгаруучу эӊ күчтүү генератор болуп саналат. Булчуңдар өзүнчө тал-тал болгон жипчелерден туруп, бири-бири менен байламта ткандар аркылуу туташат. Жипчелерди туташтыруучу байламталар ар бир булчуӊдун учунда жайгашып, булчуӊ тарамыштарына айланат. Алардын жардамы менен сөөктөргө бекийт. Денедеги бардык булчуңдардын жетишерлик өлчөмдө кан тамырлары жана нервдери бар. Ошондуктан аларда зат алмашуу жүрүп, иши тартипке салынып турат. Сырткы көрүнүшү боюнча узун, кыска, жазы, жумуру, тегерек, жалпак жана түз болот; аткарган ишине карата жумдургуч, ачтыргыч, бүктүргүч, жаздыргыч, денеге жакындатуучу жана денеден алыстатуучу болуп бөлүнөт. Сөөккө бекүүчү учтарынын саны боюнча булчуңдар бир ача, үч ача жана төрт ача болот. Ар кандай топтогу булчуңдардын кызматы ар түрдүү.