КОШОЕВ Темирбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:13, 11 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОШОЕВ to КОШОЕВ Темирбек) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШОЕВ Темирбек (1. 8. 1931, Чүй облусу, Кемин району, Кичи-Кемин айылы – 23. 6. 2009, Биш­кек) –

мамлекеттик ишмер. Токмок токой-чарба мек­тебин (1950), К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун (1957) бүтүргөн. 1957–58-жылдарда Кыргызстан КП БКнын айыл чарба бө­лүмүндө инструктор, 1958-жылы партиянын Ош обко­мунун 2-секретары, 1960-жылы Кара-Суу райаткому­нун төрагасы, 1961–62-жылдарда Кыргызстан КП БКнын айыл чарба бө­лүмүнүн башчысынын орун басары, 1962–63-жылдарда партия­нын Сузак райкомунун 1- секретары, 1963–78-жылдарда Ош облаткомунун төрагасынын 1-орун басары, төрагасы, 1978–81-жылдарда партиянын Ош обкому­нун 1-секретары, 1981–87-жылдарда Кыргыз ССР Жогор­ку Советинин Президиумунун төрагасы, 1987– 2006-жылдарда жергиликтүү жамааттар конгрессинин вице-пре­зиденти, «Децентрализация» программасынын менеджери болуп иштеген. СССР Жогорку Сове­тинин 2, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 7 жол­ку депутаты. 3-даражадагы «Манас», Октябрь ре­волюциясы, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Бел­гиси», Эл достугу ордендери м-н сыйланган.