КОШИ Огистен Луи
КОШИ́ Огюстен Луи (21. 8. 1789, Париж – 23. 5.1857, Со) – франциялык математик, Париж ИАнын мүчөсү (1816). Париж политехникалык (1807) ж-а көпүрө жол мектебин (1810) бүтүргөн. 1810–13-жылдарда Шербурда инженер, 1816–30-жылдарда политехехникалык мектепте, де Франс коллежинде, 1848-жылы Париж университетинде сабак берген. Кошинин эмгектери математиканын ж-а математикалык физиканын түрдүү тармактарына тиешелүү. Ал комплекстик өзгөрмөлүү анализдик функциянын интеграл түрүндө туюнтулушун, функциянын катарга ажыроосун, вычеттер теориясынын системаларын өнүктүргөн. Дифференциалдык теңдемелер, серпилгичтик теориясы боюнча да изилдөө жүргүзгөн. Оптика боюнча Френель теориясы ж-а дисперсия теориясынын математикалык чыгарылышын тапкан. Ошондой эле, Кошиге геометрия, сандар теориясы, алгебра ж. б. илимдер боюнча изилдөөлөр таандык.