КОШ-ЭТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:53, 11 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ-ЭТЕР – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыш­так. Салам-Алик айыл округуна караштуу. Жазы суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1360 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 49 км түштүк-чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 99 км. Калкы 1018 (2007); неги­зинен мал м-н алектенет. Негизги мектеп, ки­тепкана, ФАП бар.