КОШ-ТЕРЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:51, 11 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ-ТЕРЕК – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Т. Балтагулов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1170 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыш­тагынан 5 км түштүк тарапта. Наманган темир жол бекети­нен 56 км. Кыштак 1939-жылы орношкон. Калкы 1924 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дый­кан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП, спорт комплекси бар. Тегир­мен, май жуаз иштейт.