КОШ-ТАШ
КОШ-ТАШ – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. Кызыл-Өзгөрүш айыл округуна караштуу. Токтогул – Өзгөрүш автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 69 км түштүк-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 146 км. Калкы 1518 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет.