БУЙЛАШЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:16, 11 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЙЛАШЕВ Таалайбек Сабралиевич (1957-жылы туулган, Нарын облусу, Нарын шаары) – медицина илимдеринин доктору (2001), профессор (2001). КММИни (1981), СССР МИАнын педиатрия ИИИнун аспирантурасын (1987, Москва) бүтүргөн. Кыргызстан курортология жана физиотерапия ИИИде, РКОдо, КММИде иштеген. 1993-жылдан Кыргызстан акушерлик жана педиатрия ИИИнин директорунун орун басары. Педиатрия, социалдык гигиена жана саламаттык сактоону уюштуруу боюнча адис.