КОШ ЭЛЕКТР КАТМАРЫ
КОШ ЭЛЕ́КТР КАТМАРЫ – фазалардын тийишкен чегинде (электрод-электролит) карама-каршы иондордун бөлүштүрүлүшүнүн натыйжасында электроддук кудуреттин пайда болушу м-н коштолгон катмар. Ал электродду жөнгө салуучу кулон күчү м-н электролиттеги иондордун кыймылынан пайда болот. Анын түзүлүшү бири оң, экинчиси терс заряддалган катмардан турат ж-а бир капталы катуу, экинчиси суюк конденсатор сыяктуу. Кош электр катмары гельмгольц ж-а диффузиялык катмарлардан турат. Иондордун заряды, электролиттин концентрациясы жогорулаганда ж-а температура төмөндөгөндө, кош электр катмарынын калыңдыгы азаят. Кош электр кубулуштарды катуу зат м-н суюктуктардын, газ м-н катуу заттардын тийишүү беттеринде пайда болот. Электролиз, электр-химиялык реакция, металл коррозиясы, ион алмашуу ж. б. түшүндүрүүдө чоң мааниси бар.