КОШ БИЙЛИК
КОШ БИЙЛИК – Февраль буржуазиялык-демократиялык революциясынан (1917) кийин Россияда бири-бирине карама-каршы эки бийликтин өзгөчө шартта катар жашашы (1917-жылы 1–2-март – 5-июль); буржуазиялык, Убактылуу өкмөт м-н пролетариат ж-а дыйкандардын революциячыл демократиялык диктатурасы – Жумушчу, солдат ж-а дыйкан депутаттары советтеринин бийлиги. Революциячыл масса Петроградда ж-а жер-жерлерде Жумушчу ж-а солдат депутаттарынын советтерин уюштурган. Ошол эле убакта ири буржуазия м-н помещиктер Мамлекеттик думанын убактылуу аткомун түзгөн. Советтер куралданган калкка таянып, бийликти өз колуна алууга тийиш эле. Бирок Советтерде эсерлер м-н меньшевиктер көпчүлүк кылгандыктан, ал жүзөгө ашкан эмес. Петроград советинин аткомундагы эсер, меньшевик жетекчилер Мамлекеттик думанын убактылуу комитети м-н көпчүлүгү кадет, октябристтерден турган Убактылуу өкмөт түзүүгө макулдашкан. Өлкөнүн борборундагы бийлик Петроград совети м-н Убактылуу өкмөттүн комиссарларынын ж-а коомдук уюмдардын комитеттеринде болгон. Кош бийликтеги ич ара келишпестик аны узакка жашаткан жок. Большевиктердин «Бардык бийлик Советтерге» урааны кош бийликти жоюуга чакырып, бүткүл бийликти тынчтык жол м-н эмгекчилерге берилишин талап кылган. Меньшевиктер м-н эсерлер 1917-жылы июль күндөрүндө ачык эле контрреволюциячыл тарапка өтүшкөн. 9(22)-июлда Жумушчу ж-а солдат депутаттар советтеринин БАКы ж-а Дыйкан депутаттар советтеринин бүткүл россиялык аткому Убактылуу өкмөттүн чексиз укуктуулугун кубатташкан. Өлкөдөгү бардык бийликке ээ болгон Убактылуу өкмөт контрреволюциячыл диктатураны орноткондо кош бийлик жоюлган. Жумушчулар бийликке 1917-жылы 24–25-октябрдагы (6–7-ноябрь) куралдуу көтөрүлүш м-н жеткен.
Ад.: Минц И. И. История Великого Октября. Т. 1–2, М., 1967–68.