КОЧҢАР-БАШИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 10 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧҢАР-БАШИ , К о ч к о р - Б а ш ы – Кочкор өрөөнүндөгү 10–12-кылымдарга таандык шаар. Шаар ар­кылуу Караханиддер кагандыгынын аймагын­дагы байыркы Жибек жолунун бир айрыгы өткөн. Кочңар-Баши тууралуу алгачкы маалыматтар Абу Саид Гардизинин 1050–52-жылдарда фарсы тилин­де жазылган «Зайн ал-ах-бар» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») чыгармасында кездешет. Ка­раханиддер династиясынан Мавераннахрды ал­гач каратып алган Буура хан Харун Мусанын Баласагундан Кашкарга кайтып баратып, 992-жылы Кочңар-Башида өлгөндүгү айтылат. Мындан ки­йинки Кочңар-Башига тиешелүү маалыматтар Махмуд Кашгаринин «Дивану лугат-ит-түрк» («Түрк тил­деринин түшүндүрмө сөздүгү») эмгегинде: өзүнчө бир шаар ж-а Кочңар-Баши м-н Баласагундун ортосун­да Занби-Арт деген ашуу бар экени айтылат. В. В. Бартольд Занби-Артты азыркы Шамшы ашуусу м-н салыштырып, Кочңар-Башини Чүй суусу­нун жогорку агымындагы Кочкор районундагы орто кылымга тиешелүү шаардын урандысы деп божомолдогон. Кийинки изилдөөлөрдө орто кы­лымдагы Кочңар-Башинин жайгашкан ордун Кочкор шаар калдыгы м-н байланыштырышууда (Кум- Дөбө айылынын аймагындагы Төрткүл шаар­часы). 2011-жылы казуу иштери жүргүзүлүп, бул жерден таш кетмендер, жаргылчак, Караханид­дер мезгилине таандык дубал калдыгы, кемеге, малдын сөөктөрү, карапа идиштер, тыйын, суу түтүктөрү, жүгөндүн тогоолору ж. б. темир ж-а коло буюмдар табылган. Карапа идиштер көп түрдүүлүгү м-н айырмаланат. Маданий катма­рынын тереңдиги 4 мге чейин. Кочңар-Баши Баласагун­дан анча алыс эмес жерде жайгашкандыктан, Караханиддер мамлекетиндеги соода-экономикалык кат­нашты өнүктүрүүнү камсыз кылган. Кочңар-Баши ар­кылуу өтүү Караханиддердин Кашкар тараптан келаткан соода кербендери өткөн Баласагунга түшө калуунун эң кыска жолу болгон.


Ад.: Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Чоротегин Т. К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати ит-түрк» сөз жыйнагы (1072–1077). Б., 1997; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., 1998; Асанов Т. И. Кочкор-Башы– Караханий түрк­төрдүн байыркы шаары// Коомдук илимдер журналы. Б., 2002.

Т. Асанов.