«КОШОЙ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 10 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КОШОЙ» – ачык акционердик коом (1992). Кант кызылчасын өстүрүүнүн көбөйүшү м-н Ново-Троицк кант заводун куруу долбоору 1936-жылы СССРдин тамак-аш өнөр жайы комитети та­рабынан каралган. 1943-жылы кант заводунун куру­лушу бүткөрүлүп, кант кызылчасын кабыл алып, алгачкы кант чыгарылган. Заводдун баш­тапкы кубаттуулугу суткасына 15000 ц кант кы­зылчасын кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бол­гон. Заводду өндүрүш технологиясынын бардык та­лаптарына жооп берүүчү ж-а адам эмгегин же­ңилдетүүчү жабдуулар м-н жабдуунун натый­жасында ишкананын кубаттуулугу суткасына 32000 ц кызылчаны кайра иштетүүгө жетип, ал Кыргызстандагы эң ири кант заводуна айланган. Иш­кана 1979-жылы бал камышты кайра иштетүүнү баштап, республикада кызылча өстүрүү токтогондугу­на байланыштуу 1984-жылы толугу м-н бал камыш­ты кайра иштетүүгө өткөн. Ишкананын негиз­ги багыты – кумшекер өндүрүү. 1983-жылы алко­голсуз суусундук чыгаруучу цех курулуп, ишке киргизилген. 2000-жылдан тартып коом кайра­дан кант кызылчасынан кант ала баштаган. Ре­конструкциядан кийин кубаттуулугу суткасы­на 3000 т кызылчаны кайра иштетүүгө жеткен. Эл аралык «Кыргызстан-2004» көргөзмө-ярмар­касынын Алтын медалы м-н сыйланган.