КОЧКОР-АТА
КОЧКОР-АТА – Жалал-Абад облусундагы шаар. Ноокен районунун аймагында. Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк этегинде, Бишкек – Ош автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 618 м бийикте жайгашкан. Ноокен районунун борбору Масы кыштагынан 13 км батыш тарапта. Облустун борбору ж-а темир жол бекети Жалал-Абад шаарынан 56 км. Кочкор-Ата нефть ж-а газ кендерин казып алууга байланыштуу 1952-жылы курула баштаган, алгач «Новостройка» деп аталган. 1953–2003-жылдарда шаарча; 2003-жылдан шаар. Аянты 485 га. Калкы 14,8 миң (2009). Шаарда «Кыргызмунайгаз», «Кыргызгеофизика» (нефть-газ кендерин чалгындоо иштерин жүргүзөт), «Кочкор-Ата айыл курулуш», «Керамика» (кыш ж. б. курулуш материалдарын чыгарат) АКлары иштейт. Үч орто мектеп, гимназия, техникалык коллеж, кесиптик-техникалык окуу жайы, китепкана, маданият үйү, оорукана, балдар консультациясы, облустук ден соолукту калыбына келтирүүчү оорукана, сквер, спорт комплекси, стадион бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, чайкана, кафе, ресторан иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.