КОЧКОР ШААР КАЛДЫГЫ
КОЧКОР ШААР КАЛДЫГЫ – 10–12-кылымдардагы Караханиддер дооруна таандык шаар калдыгы. Каракол суусунун сол жээгинде жайгашкан. 1940-жылы А. Н. Бернштам изилдеген. Шаар Кочкор-Ата мазарынан 4 км алыс жайгашып, туурасы 400 м, узундугу 870 м өлчөмүндөгү тик бурчтук аянтты ээлеп жаткан. Кочкор шаар калдыгынан Караханиддер дооруна таандык жөнөкөй чопо ж-а сырдалган карапа идиштердин сыныктары табылган. Түштүк-батыш урандысын бойлой Кырк-Чоронун күмбөзү деп аталган 18-кылымга таандык эстеликтер орун алган. Соңку мезгилдеги изилдөөлөр Кочкор шаар калдыгы 10–12-кылымдарда өкүм сүргөн Кочңар-Башы шаарынын орду экендиги Абу Саид Гардизинин «Зайн ал-ахбар» ж-а Махмуд Кашгаринин «Диван лугат ит-түрк" эмгектериндеги маалыматтар боюнчаырасталган, к. Кочкор-Башы.