КОЧКОР КОРУКЧАСЫ
КОЧКОР КОРУКЧАСЫ – Кочкор районундагы мамлекеттик аңчылык корукча (заказник). Кочкор суусунун боюндагы бадалдуу токойду ээлейт. Аянты 2,0 миң га. Азайып бараткан кыргоол, коён, чил, кекиликтерди коргоп, көбөйтүү максатында 1977-жылы уюшулган.