КОЧКОР (Коч­кор районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:40, 9 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОЧКОР to КОЧКОР (Коч­кор районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР , К а р а - К о о – Нарын облусунун Коч­кор районундагы кыштак. Райондун ж-а Кочкор айыл округунун борбору. Кочкор суусунун оң өйүзүндө, Бишкек – Торугарт автомобиль жо­лунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1780 м бийикте жай­гашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 55 км. Кал­кы 10 миң (2022); негизинен мал м-н алекте-

Кыштактын жалпы көрүнүшү.

нип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Төрт орто мектеп, китепкана, 3 бала бакча, кино­театр, маданият үйү, тарыхый-край таануу музейи, мечит, стадион бар. Турмуш-тиричилик кызма­тынын бөлүмдөрү, соода комплекси, ресторан, кафе-бар, тамактануу жайлары, базар иштейт. 19-кылымдын 2-жарымында уйгур, өзбек соодагер­лери негиздеген. Кийинчерээк орус дыйканда­ры көчүрүлүп келип, Столыпин деп аташкан. 1916-жылкы үркүндө орустарды жергиликтүү кыр­гыздар сүрүп чыгарып, аты кайрадан Кара-Коо аталган.