БОСТОН АСЕМ ИСКУССТВО МУЗЕЙИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:23, 8 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́СТОН АСЕМ ИСКУ́ССТВО МУЗЕЙИ – Америка Кошмо Штаттарындагы ири көркөм музейлердин бири (1870-жылы негизделген). Музейде Египет, Грекия, Рим искусствосунун эстеликтери топтолгон. Орто кылымдагы Кытай жана Япония, Индия, Азия өлкөлөрүнүн искусствосу (айкел, живопись, карапа), Англиянын күмүштөн жасалган буюмдары, Франциянын импрессионисттеринин картиналары, XVIII–XX кылымдардагы Америка живописи (Г. Стюарт, Ж. Вашингтондун портрети, 1796) жана башка кооздоо жана көркөм сүрөт искусствосунун эстеликтери сакталган.