БУХАРА ХАНДЫГЫ
БУХАРА́ ХАНДЫГЫ – 16–18-кылымдарда өкүм сүргөн Орто Азиядагы феодалдык мамлекеттин аталышы. Тимуриддер мамлекети ыдырап кеткен мезгилде Шейбани хан тарабынан негизделген. Хандыктын борбору 16-кылымдын аягында Самарканддан Бухара шаарына көчүрүлгөндөн кийин мамлекет «Бухара хандыгы» деп атала баштаган. Абдулла хан IIнин тушунда (1557–1598) өлкө күч алып, аймагы кеӊейген. 1573-жылы Балх жана Фергана, 1576-жылы Ташкент, 1582–1883-жылы Хорасан, 1593–1894-жылдары Хорезм каратылган. Россия империясы менен соода жана дипломатиялык мамилелерди түзгөн. Абдулла хандын өлүмү, андан кийин анын уулунун өлтүрүлүшү менен Шейбаниддер династиясынын бийлиги бүтүп, Аштарханиддердин доору башталган. Бул мезгилде Бухара хандыгында ич ара согуштар, перстер (азыркы Иран), Хива хандыгы, ошондой эле казактар менен кагылышуулар болуп турган. 1740-жылы Ирандын башкаруучусу Надир шахтын аскерлери тарабынан басылып алынган. Надир шах өлгөн соӊ, хандыктагы ич ара чыр-чатактардын натыйжасында, бийликке маӊгыт уруусунан чыккан Мухаммед Рахим келген жана ал өзүн эмир деп жарыялап, 1747-жылдан Бухара эмирлиги деп атала баштаган. Маӊгыттардын доорунда ич ара чыр-чатактар күчөп, Хива, Кокон хандыктары менен согуштар, элдик көтөрүлүштөр (1821–1825-жылы кытай-кыпчак көтөрүлүшү) Бухара хандыгын алсыраткан. 1868-жылы эмир аскерлери орус армиясынан жеӊилүүгө дуушар болуп, Бухара хандыгы Россия империясына вассал мамлекет катары кошулган. 1920-жылы 2-сентябрда Бухарада элдик көтөрүлүш чыгып, Кызыл Армиянын колдоосу менен эмирдин бийлиги кулатылган жана 8-сентябрда Бухара Советтик Эл Республикасы жарыяланган.