КОРНЕЙЧУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:57, 28 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРНЕЙЧУЌКК Александр Евдокимович [12 (25). 5. 1905, Киев губерниясы, Христиновка станция­сы (азыр Черкас облусундагы шаар) – 14. 5. 1972, Киев] – украин драматургу, коомдук ишмер, Украин ССР Илимдер академиясынын (1939) жана СССР Илимдер академиясыын (1943) академиги, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1967). Киев эл агартуу институтун бүткөн (1929). Корнейчук чыгармачы­лыгын аңгеме жазуудан баштаган. 1929-жылы «Туюкта» деген туңгуч пьесасы жарык көргөн. Корнейчук – «Таш арал» (1930), «Чабуул» (1931), «Эс­кадранын кыйрашы» (1933), «Платон Кречет» (1934), «Чындык» (1937), «Богдан Хмельниц­кий» (1939), «Майдан» (1942), «Макар Дубрава» (1948), «Днепрде» (1960), «Жүрөк унутпайт» (1969) жана башка драмалардын автору. СССР мамлекеттик сыйлыгынын, (1941, 1942, 1943, 1949, 1951), Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдагандыгы үчүн эл аралык Лениндик сыйлыктын (1960) лауреаты. 5 Ле­нин ордени менен сыйланган.