«КОРКУТ АТА КИТЕБИ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:07, 26 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КОРКУТ АТА КИТЕБИ» («Китаби дедем Кор­кут», толук аты – «Китаби дедем Коркуд ала лисаны таифеи огузан» – «Огуз урууларынын тилиндеги Коркут атанын китеби») – түрк эл­деринин көөнө тарыхы, кылымдагы турмуш абалы, байыркы салт-санаасы, үрп-адаты, акын­дык-чечендик өнөрү тууралуу баяндаган тары­хый көркөм мурас. 10–15-кылымдарда жазылып алын­ган уламыштардан кайрадан адабий түрдө иш­телип чыккан. «Коркут ата китебинин» кол жазма түрүндө Дрезденден бир, Ватикандан бир нускасы табыл­ган. Дрездендегиси 12 ырдан (баатырдык дас­тандан), Ватикандагысы 6 ырдан турат. Экөөнүн тең тексти окшош. «Коркут ата китеби» орус, немис, түрк, италян тилдерине которулган. Көлөм жагынан чоң ж-а мазмуну терең Дрезден нускасы окумуш­туулар арасында кеңири белгилүү. 1815-жылы не­мис чыгыш изилдөөчүсү Г. Ф. Дигс бул нуска­нын сезгизинчи баянын немис тилине которгон. 1859-жылы Теодор Нелдеке «Коркут ата китебин» толук которуу­га киришкен. Бирок ал аягына чыкпай, Герма­нияда окуп жүргөн шакирти В. В. Бартольдго өткөрүп берген. В. В. Бартольд 1922-жылы орус ти­лине толук которуп, басмага даярдаган, бирок көзү тирүүсүндө китеп жарыкка чыккан эмес. Бул котормо 1962-жылы гана В. М. Жирмунский, А. Н. Кононовдордун редакциясында басылып чыккан. Кыргыз тилине түп нусканын транс­крипциясынан И. Абдувалиев, Т. Абылкасы­мова, Г. Сатимкуловалар которуп, 2004-жылы жа­рыкка чыккан. Эпос кириш сөз м-н башталып, акылман ж-а ырчы, көп жашаган, «көзү ачык» Коркут атанын өмүрүн баяндайт. Эпосто бир­диктүү сюжет жок. 12 бөлүмдүн ар бири өз ал­дынча бүткөн окуяны баяндайт. Боюндур-хан, Салор-Казан ж-а анын уулу Аруз башында тур­ган огуз жоокерлеринин баатырдык жортуул­дары, алардын «динсиздер» (грузин, абхаз, грек ж. б.) м-н болгон согушу, басып алган Кавказ жерлеринде өз бийлигин орнотушу эпостун не­гизги мазмунун түзөт (9 бөлүмү ушул темага арналган). 10-бөлүмдө огуздардын ич ара жаң­жалдары, «Дука кожонун уулу эр Домрул бая­ны» деген легендада (5-бөлүм) ажал м-н кармаш­кан Домрул баатыр ж-а күйөөсүнүн ордуна өз жанын кыюудан кайра тартпаган Домрулдун аялынын эр жүрөктүүлүгү, 6-бөлүмдө Кан-Тура­лынын үйлөнүшү баяндалат. «Коркут ата китеби» – огуз­дардын гана эмес, жалпы эле түрк тилдүү эл­дердин фольклору м-н тарыхын изилдеп үйрө­нүүдө баалуу тарыхый эстелик.


Ад.: Книга моего деда Коркута (с критическими статьями В. В. Бартольда, А. Ю. Якубовского и В. М. Жирмунского). М., Л., 1962; Коркут ата китеби. Б., 2004.