КОҢУР-ӨЛӨҢ (Тескей Ала-Тоодогу көл)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:26, 26 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢУР-ӨЛӨҢ , А й д ы ң - К ө л – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы көл, Коңур-Өлөң–Ала-Баш өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүнөн орун ал­ган. Деңиз деңгээлинен 1906 м бийикте жатат. Айла­насындагы саздын кеңейишинен соолуп бара­тат. Аянты 0,7 км2, узундугу 2,4 км, туурасы 600–700 м. Тереңдиги 1 мге чейин. Көлгө чакан суу куюп, андан агып чыккан өзөн Ак-Терек суусу­на оң тараптан куят. Балык бар. Көлдө чирин­ди заттардын көбөйүп баратышы (айрыкча сап­ропель) анын чанагынын ыкчам кичирейиши­не шарт түзүүдө.