КОҢУР-ӨЛӨҢ (Тоң районундагы кыштак)
КОҢУР-ӨЛӨҢ – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы кыштак. Көл-Төр айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1994 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 35 км түштүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 87 км. Кыштак 1924-жылы негизделген. Калкы 1786 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана ж-а ФАП бар.