КОҢУР-СУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:17, 26 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢУР-СУУ МӨҢГҮСҮ – Чоң Алай кырка тоо­сунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 7,6 км, аянты 12,4 км2. Кызыл-Суу­нун (чыгыш) сол куймасы – Каман суусунун ала­бында жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 5840 м, этеги 3640 м бийикте жатат. Кар чегинин би­йиктиги 4240 м, абляциясынын аянты 5,5 км2. «Тили» морена м-н текши капталган (5,6 км2). Мөңгүдөн Камандын сол куймасы – Коңур-Суу башталат.