КОРЕЙ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:25, 21 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРЕЙ ТИЛИ – корейлердин тили. Корей жарым аралына, КЭР, Япония, АКШ, Россияга тараган. Корей тили обочолонмо тилдердин бири. Анын пайда болушу жөнүндө түрдүү божомолдор бар. Корей тилинин оку­муштуулар тунгус-манжур тил тобуна кирерин далилдешкен. Корей тили 6 диалектиге бөлүнөт: түндүк-чыгыш [Түндүк-Чыгыш Кытайдагы корей говорун кошкондо], түндүк-батыш, борбору түштүк-чыгыш, түштүк-батыш жана Чежудо аралынын диалекти. Корей тили – агглютинациялама тили 19-кылымдын аягы­на чейин жазма адабий тили ханмун болгон. Корей адабий тили борбордук диалектидеги сеул го­ворунун негизинде калыптанган.