КОРЕЙ СОГУШУ
КОРЕЙ СОГУШУ – 1950–53-жылдарда Түштүк ж-а Түндүк Кореянын ортосундагы согуш. Түндүк Корея Кытай ж-а СССР м-н Түндүк коалицияны, Түштүк Корея АКШ, Улуу Британия ж. б. мамлекеттер м-н Түштүк коалицияны түзгөн. 1910–45-жылдарда Корея Япониянын колониясы болгон. 1945-жылы августта СССР Корей жарым аралынын түндүк аймактарына, АКШ түштүк аймактарына кирип, Кореяны экиге бөлүшкөн. 1945-жылы декабрда АКШ м-н СССРдин ортосунда Кореяны башкаруу боюнча келишим түзүлгөн. Түштүк Кореяда Ли Сын Ман баш болгон антикоммунисттик өкмөт, Түндүк Кореяда Ким Ир Сен жетектеген коммунисттик өкмөт түзүлгөн. Кореянын экиге бөлүнүшү убактылуу көрүнүш катары эсептелип, АКШ м-н СССРдин ортосунда башталган кансыз согуш Корей жарым аралындагы абалды өзгөрттү. 1950-жылы 25-июнда Түндүк Кореянын аскерлери СССРдин колдоосу м-н Түштүк Кореяга кол салган. Согуштун башталышында СССР м-н Кытайдын колдоосу аркылуу Түндүк Кореянын куралдуу күчтөрү Түштүк Кореяга караганда басымдуулук кылган, бирок кийинки жылдары Түштүк Кореяга АКШ ж-а ООНго кирген айрым мамлекеттер жардам бере баштагандыктан, Түштүк Корея күч ала баштаган. 1950-жылы 20-октябрда түштүк кореялык күчтөр Корей Элдик Демократиялык Республикасынын (КНДР) борбору – Сеул шаарын алган. 1951-жылдын июнь айында согуш оор абалга келген. 1953-ж. Сталин өлгөндөн кийин, Түндүк Корея союздаштарынан ажырап, согуш аяктаган. Фронттун чеги 38-параллелден өтүп, чийимдин тегереги демилитаризацияланган зона (ДМЗ) деп жарыяланган. Бул чек араны түндүк жагынан КНДР аскерлери ж-а түштүк аймактарын түштүк кореялык ж-а америкалык аскерлер кайтарат. Бүгүнкү күнгө чейин эки тараптан тең тынчтык келишим түзүлгөн эмес ж-а Түштүк Кореяда АКШ өзүнүн аскер күчтөрүн кармап турат.