КОРДИЕРИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:23, 20 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРДИЕРИ́Т (француз геологу П. Кордьенин атынан), и о л и т, д и х р о и т – силикаттар тобуна кирүүчү минерал. Химиялык формуласы (MgFe)2Al3[AlSi5O18]. Ромб системасында крис­таллданат. Өңү бозомук көк, көгүш, кээде түссүз,

Кордиерт плехроизми.

айнектей жалтырайт. Катуулугу Моостун шка­ласы боюнча 7–7,5. Салыштырма салмагы 2,53–2,78. Алюминий

м-н магнийге бай тоо тектердин контакттуу ме­таморфизм процессине дуушар болушунан ке­лип чыгат. Мөлтүрөгөн түссүз тунук түрү асыл таш катары зергерчиликте колдонулат.