КОРГОН (Аксы районунда­гы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:14, 20 Май (Бугу) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРГОН – Жалал-Абад облусунун Аксы районунда­гы кыштак. Авлетим айыл округуна караш­туу. Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш эте­гинде, Авлетим суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1114 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 25 км чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 90 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1863 (2022); неги­зинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгекте­нет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мончо бар. Темир иштетүүчү устакана, суу ж-а электр те­гирмендер иштейт.